Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Бишкектеги Орус драма театрында өрт чыкты


Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында бүгүн кечинде өрт чыкты. Бул тууралуу окуя болгон жерден “Азаттыктын” кабарчысы Болот Колбаев кабарлады. Анын айтымында, театр имаратынын экинчи кабаты күйүп жатат. 5 өрт өчүргүч машине өчүрүүгө аракет кылууда, бирок азырынча өрт өчүрүлө элек.

Айрым маалыматтарга караганда, имараттын ичинде адамдар бар болушу ыктымал.

Өрт эмнеден чыкканы азырынча белгисиз. (BkA)

XS
SM
MD
LG