Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:04

Ирактын президенти ооруканада жатат

Президенттин кеңсеси маалымдагандай, тиешелүү медициналык жардамдан кийин азыр президенттин абалы туруктуу. 79 жаштагы Жалал Талабани ооруканга дүйшөмбү күнү кечинде түшкөн.

Ирак президенти буга чейин 2008-жылы АКШда жүрөгүнө операция жасаткан эле.

Кезинде Ирактагы күрддөрдүн негизги саясий уюму – Күрд патриоттук союзун негиздеген Талабани 2005-жылы Ирактын алгачкы күрд улутундагы президенти болуп шайланган.

Ирак Баш мыйзамы боюнча президент айрым бир ыйгарым укуктарга ээ, ал эми негизги бийлик премьер-министр башкарган өкмөттө. (UE)
XS
SM
MD
LG