АКШ Мамлекеттик департаменти эл аралык коомчулуктун эскерткенине карабай Израилдин Батыш жээктеги курулуштарды улантып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Мамдептин расмий өкүлү Виктория Нуланд мындай чагымчыл аракеттери үчүн АКШ өнөктөшү Израилдин лидерлерин сынга алаарын, алардын кадамы тынчтыкты сактоого кызыкдар экенининен күмөн жаратканын айтып чыкты. Ал арада БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Франция, Британия, Германия баштаган бир катар мамлекеттердин атынан Израилдин курулуш планын сындаган жаңы билдирүү даярдалып жатканы белгилүү болду.
Ноябрда БУУда Палестин бийликтеринин макамы жогорулатылгандан кийин Израил Батыш жээктеги басылып алынган жерлерде он миңдеген жаңы үйлөрдү кураарын жарыялаган.
Ноябрда БУУда Палестин бийликтеринин макамы жогорулатылгандан кийин Израил Батыш жээктеги басылып алынган жерлерде он миңдеген жаңы үйлөрдү кураарын жарыялаган.