Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Москвада ЖККУнун саммити башталат


Саммитке президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация кечээ Москвага жөнөп кеткен. ЖККУ жыйынында дүйнөдөгү жана аймактагы коопсуздук, чукул кырдаалдардагы уюмдун биргелешкен аракеттери тууралуу маселелер каралат. Ошондой эле Өзбекстандын уюм курамынан чыгуу арызы талкууланат.

Жыйында 2013-жылы уюмга төрагалыкты Кыргызстан өткөрүп алат.

Талдоочулар бул жыйында Орусия Кыргызстанга аскер курал-жаракты жаңыртуу үчүн берет делген 1 миллиарддан ашык доллар жөнүндө маселе талкууланышы мүмкүн деп болжоп жатышат. Буга чейин орусиялык бир катар басылмалар аскердик жардам дал ушул жыйында талкууланаарын жазып чыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG