Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Кыргызстан менен Орусия ортосундагы Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу боюнча келишимди каралат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Буга чейин келишим ЖКнын тиешелүү комитеттеринде каралып, жактырылган. Бирок анда айрым депутаттар келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт деп каршы чыгышкан.
Кыргыз-орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы 4 ГЭСти куруу боюнча ушул жылдын сентябрь айында макулдашкан. Келишим боюнча долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, бирок үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү.
Аталган ГЭСтердин курулушуна Өзбекстан каршы чыгып, эл аралык экспертизадан өткөрүүнү талап кылууда.(BkA)