Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Кубанчыбек Ташбалтаев билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жаткан иш кечээ жабырлануучулар келбей калгандыктан бүгүнкүгө жылдырылган.
Соттук жараянда Түлеев менен бирге айыпталуучу катары Бишкек мэриясынын мурдагы 5 кызматкери да суралууда. Аларга Түлеевдей эле 2008-жылы Кытайдан автобустарды алып келүүдө мамлекетке ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айып тагылган.
Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата-Журт” партиясынан депутат Нариман Түлеев 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алган. (BkA)