АКШнын президенти Барак Обама курал-жаракка тыюу салган демилгени колдойт. Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни Демократтар партиясынан сенатор Дайан Файнтштейндин келээрки жылдан тарта чабуул койгон курал-жаракка тыюу салуу боюнча жобо кабыл алуу демилгесин президент кызуу колдой турганын шейшембиде билдирди. Мындан 8 жыл мурда күчүнөн кеткен куралга тыюу салуу тууралуу мыйзамды калыбына келтирүүнү Обама биринчи кызмат мөөнөтүндө ашыкча көңүл бурган эмес.
Жекшембиде АКШнын президенти Барак Обама Ньютаун шаарындагы мектептеги кыргындан мерт кеткендерди эскерген аза күтүү зыяратына барып, мындай кан төгүүлөргө чекит коюу зарылдыгын белгилеп, курал колдонуунун жол-жоболорун кайра карап чыгууга чакырган. Жума күнү Ньютаун шаарында Сэнди Хук мектебинде 20 жаштагы Адам Ланза 26 адамды, анын ичинде алты-жети жаш курактагы 20 баланы атып салган.