Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:33

ТИМ: Кыргызстан ГЭС боюнча экспертизага каршы эмес


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСин эл аралык экспертизадан өткөрүү маселеси боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, кыргыз-орус келишиминде экологиялык экспертиза кыргыз мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Ошол эле учурда азыр бул келишимге Казакстан менен Өзбекстанды да кошуу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат. Бул коңшу өлкөлөрдүн башкы талабы көз карандысыз эл аралык экспертиза өткөрүү болууда. Ушундан улам кыргыз өкмөтү расмий Астана менен Ташкенттин бул келишимге кошуу иштеринин жыйынтыгына карап, Камбар-Ата-1дин техникалык-экономикалык негиздемеси бүткөндөн кийин эл аралык экспертиза жүргүзүү жагын караштырып жатат.

Буга чейин расмий Ташкент бир катар өлкөлөрдү аралап өткөн сууга ГЭС эл аралык экспертизанын корутунудусу жок курулса, аймакта чыр чыгарын эскерткен болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG