Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:56

ЖК: Суук кайткыча окуучуларга каникул берүү демилгеси көтөрүлдү


Ушул тушта Жогорку Кеңеште өлкөдөгү энергетикалык каатчылык талкууланып жатат. Анда “Ар-намыс” фракциясынан депутат Турсунбай Бакир уулу сууктун мизи кайткыча кенже класстын окуучуларын каникулга чыгарууну сунуштады.

Депутаттар өкмөттүн кышка даярдыгын сынга алышууда. Буга чейин электр жарыгы жана газ өчпөйт деп убада берген, энергетикалык каатчылыкты алдын албаган, анын кесепетин тез жоё албаган аткаминерлерди жоопко тартуу сунушталды. Азыр премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт мүчөлөрү энергетика тармагындагы соңку жагдай боюнча парламентте маалымат берип жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG