Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Апышев: Алтайда жолдо калгандарга жардам берилгени жатат


Кыргызстандын Новосибирсктеги башкы консулунун атташеси Мээримбек Апышев
Красноярск шаарына баратып, ара жолдо калган кыргызстандыктарга жардам берүүгө аракет жасалып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ташкенттен Красноярскиге чыккан автобус азыр казак-өзбек чек арасынан өтүп жатат. Бул автобуста 25 бош орун бар жана ал орундарга жолдо калгандар жайгаштырылат.

Бишкектен Новосибирск шаарына бараткан 33 адам учурда Алтай крайынын Мамонтово районуна караштуу Луганск деген мектебинде үч күндөн бери баш калкалап турат. Алардын 23ү кыргыз, ону казак жараны, арасында үч бала, 2 кош бойлуу келин жана эки пенсионер бар. Эки киши 2 күндөн бери ооруп жатат.

Мектепке аларды Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар кызматы жеткирген. Бул тууралуу алардын өкүлү Оксана Мүсүралиева “Азаттыкка” телефон аркылуу бүгүн билдирди.

Аларды Красноярскиге жеткирмекчи болуп, бузулуп калган Бишкек- Красноярск каттамындагы автобустун айдоочусунан Красноярскка жеткирүүнү талап кылышууда. Автобус алардан 17 чакырым аралыкта бузулуп жатканын билдирген айдоочу жардам бере албай турганын айткан. Жүргүнчүлөрдүн акчасы түгөнүп, тамак-ашы жок, телефон аркылуу ар кимден жардам сурашууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG