Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Пакистанда балдарды эмдеген дагы бир дарыгерди атып кетишти


Пакистанда балдарды шал оорусу - полиомиелитке каршы эмдеген дагы бир дарыгерди куралчан эркектер атып кеткени расмий кабарланды. Дүйшөмбү - шейшемби күндөрдөгү эмдөө өнөктүгү кезде алты дарыгер аял Пешавар жана Карачи шаарларында атып өлтүрүлгөн. Мындан улам Синд провинциясында эмдөө өнөктүгү токтотулду. Медициналык кызматкерлерге ким ок атканы белгисиз. Бирок талиптер шалга каршы эмдөөнү "Батыштын тыңчылары" жүргүзөт деп, элди ага каршы үгүттөгөн.

Медициналык кызматкерлерге кол салууну Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Бириккен улуттар уюмунун балдар фонду – ЮНИСЕФ сындады. Азыр дүйнөдө Пакистан, Ооганстан жана Нигерияда гана шал оорусу кеңири жайылган.

XS
SM
MD
LG