АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон Ливиянын Бенгази шаарындагы Кошмо Штаттардын консулдугуна быйыл 11-сентябрда болгон кол салууну иликтеген көз карандысыз комиссиянын бүтүмүнө ынанды. Чабуулда АКШнын Ливиядагы элчиси жана үч америкалык апаат болгон.
Шейшемби күнү жарыяланган докладда Мамлекеттик департаменттин чет өлкөдөгү дипломаттык миссиялардын коопсуздугун камсыздоо боюнча жетиштүү чара көрүлбөгөнү айтылат. Клинтон айым Конгресске жазган катында докладда айтылган сунушка ылайык, Мамдепартамент АКШнын чет элдеги өкүлчүлүктөрүн күзөтүүгө жүздөгөн аскер жөнөтөрүн жана коопсуздук чараларын чыңдоо үчүн кошумча акча издей турганын маалымдады.