Бүгүн Париждин четиндеги жашыруун жайда Ооган өкмөтүнүн жана түрдүү фракциялардын өкүлдөрүнүн кездешүүсү башталат. Жума күнгө чейин созулчу жыйын Париждин Стратегиялык изилдөөлөр борбору уюштурууда. Талиптердин мурдагы өкүлү, белгилүү серепчи Вахид Мужданын “Азаттыкка” айтышынча:
– Бул кездешүү анын катышуучуларына жакшылап таанышып, сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк берет. Бул расмий кездешүү болбосо да болочоктогу расмий сүйлөшүүлөргө чыйыр салат.
Жыйынга талиптердин, “Хизб-е-Ислам” уюмунун, талиптерге каршы согушкан мурдагы Түндүк Альянсынын, дагы башка түрдүү топтордун, ошондой эле Ооганстандын Жогорку тынчтык кеңешинин өкүлдөрү катышат.
2014-жылы Ооган жеринен НАТОнун согуштук күчтөрү чыгып кетет. Буга байланыштуу түрдүү фракцияларды элдештирүү аракети күчтүү болууда.