Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

ӨКМ: Ала-Арча дарыясы ташыбайт


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыктын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн башчысы Мурадил Азимжанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда дарыя өз нугу менен агып жатат жана 350дөй киши аны муздан тазалоо менен алектенүүдө.

Ленин районунун акими кабарлагандай, суу каптоодон жабыр тарткан жети үйдүн 47 тургундары ал жактан көчүрүлгөн; алардын 12си – балдар менен ымыркайлуу апалар – карылар үйүнө жайгаштырылып, тамак-аш менен камсыз болду.

ӨКМдин кызматкери Мурадил Азимжанов түнүчүндө кызматкерлер дарыянын абалын карап көз салууда деп кошумчалай кетти. Анын билдирүүсүндө, абанын температурасы жуманын аягында жогорулай баштаганда дарыядан ташып кетүү коркунучу болбойт. (ТТо)

XS
SM
MD
LG