19-декабрда Тажикстан парламенти үй-бүлөдөгү зобун-зордуктарды азайтканга багытталган мыйзам кабыл алды. Жаңы мыйзам боюнча, үй-бүлөсүнө кордук көрсөткөн адам 15 күнгө чейин абакка отургузулат жана айып пул төлөйт. Мыйзамда аксакал-байбичелер жаш үй-бүлөлөрдөгү түшүнбөстүктү болтурбоого жигердүү катышуусу абзел деп айтылат.
Статистикалык маалыматтар боюнча, 2010-жылы Тажикстанда үй-бүлөсүндөгү кордукка чыдабай, 200дөн ашуун аял жанын кыйган. Тажикстанда үй-бүлөсүндө зобунга кабылган аялдарга көмөк көрсөтүп, убактылуу түнөк берчү 30 чакты борбор бар.