Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Өзбекстан ЖККУдан өз каалоосу менен чыкты


Өз өтүнүчү боюнча Өзбекстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы мүчөлүгү токтотулганын беларус президенти Александр Лукашенко жарыя кылды жана Ташкен уюмга кайра кирүүнү кааласа, “эч кандай жеңилдик” болбосун эскертти.

Эми ЖККУнун курамында Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан калды. Билдирүү ЖККУнун Москвадагы жыйынынан соң жасалды. Жыйын учурунда Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтондун жакында айткан Москва Евроазияны “кайра советтештиргени жатат” деген сөзүн "куру жалаа" катары четке какты.

ЖККУнун келерки жыйыны 2013-жылы майда Бишкекте өтөт. Бул жөнүндө билдирген президент Атамбаев "Мосвкадагы жыйында кабыл алынган олуттуу чечимдер ЖККУнун аскерий кубатын бекемдейт,”- деди. ЖККУга төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү. Бул тууралуу кыргыз президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG