Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Мамдума орусиялык балдарды АКШ жарандары асырап алуусуна каршы


Орусиянын Мамлекеттик Думасы АКШ жарандарына орусиялык балдарды багып алганга тыюу салган мыйзамды экинчи окууда бекитти. Мыйзам долбоору АКШ өкмөтү Орусиядагы адам укугун бузууларга каршы өткөн аптада кабыл алган "Магнитскийдин акты” деп аталган мыйзамга каршы даярдалган.

Орусияда коррупцияга каршы тайманбай күрөшкөн адвокат Магнитский 2009-жылы абакта жатып жан берген.

Мамдума мыйзам долбоорду үчүнчү окууда бекиткен соң, парламенттин жогорку палатасы - Сенатта каралып, андан кийин президент Путинге кол койгонго жөнөтүлөт. Бул мыйзам долбооруна каршы нараазылык билдирип, Мамдуманын алдына шаршемби күнү чогулган адамдардын кеминде 13үн полиция кармап кетти.

XS
SM
MD
LG