Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Парламент өкмөттүн кышка даярдыгын начар деп тапты


Мындай токтомду парламент депутаттары кечээки жыйында кабыл алды. Депутаттар акыркы күндөрү өлкөдө түзүлгөн кыйын кырдаалга өкмөттүн шалаакылыгы себеп болгонун айтышып, тиешелүү жетекчилерди жоопкерчиликке тартууну сунушташты. Жыйынтыгында кышка даярдыкты канааттандырарлык эмес деп таап, Бишкектеги газ кризиси үчүн жоопкер катары “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевди кызматтан бошотуу талабын коюшту.

Өткөн апта соңунан тарта Казакстандан келген газдын басымы эки эсе азайып кеткендиктен Бишкекте жана анын жака-белинде айрым турак үйлөргө газ берүү 14-декабрдан тарта токтогон болчу. Мунун айынан электр энергиясын керектөө үч эсеге чейин өсүп, авариялык өчүрүүлөр көбөйгөн.

Казакстан Кыргызстанга берчү газ өлчөмүн шейшембиден тарта көбөйтүп, Бишкектин тургундарына газ бериле баштады.(BkA)

XS
SM
MD
LG