Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Өкмөт башчы жолдорду тазалоону Бишкек мэрине тапшырды


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек мэри Иса Өмүркуловго борбор калаадагы жолдорду убагында тазалоо боюнча катуу тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев бүгүн парламенттин жыйынында билдирди. Ага чейин депутат Бөдөш Мамырова шаар ичинде жолдор тазаланбай, кыймыл оорлогонун билдирип, шаар мэринин түшүндүрмөсүн талап кылган.

Бишкек мэриянын басма сөз кызматы таркаткан билдирүүгө ылайык, учурда шаардагы 90дон ашык көчө, төрт аянт жана парктарда тазалоо иштери жүрүүдө. Жалпысынан 283 тонна кум, 21 тонна туз жолдорго чачылды. (KKs)

XS
SM
MD
LG