Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

“Медиа Форумдагы” карактоо боюнча кылмыш иши козголду


Бишкекте жайгашкан “Медиа Форум” ишканасындагы карактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнист Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 15-декабрь күнү түнкү саат үчтөрдө үч адам ишкана кирип келип, 200 миң сомдой акчаны алып кеткен. Азыр алардын имаратка кантип киргени, кимдер жабыркаганы боюнча маалыматтар такталууда. Кезегинде “Медиа Форум” ишканасын азыркы президент Алмазбек Атамбаев башкарып келген. (KKs)
XS
SM
MD
LG