Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Эсеп палатасында иштегендер текшерүүдөн өтөт


Январь айында Эсеп палатасынын бардык кызматкерлери аттестациядан өтөт. Бул тууралуу палатанын төрайымы Элмира Ибраимова парламенттин жыйынында билдирди. Аттестация маалында кызматкерлердин кесипкөйлүгү текшерилип, алар "калп детекторунун" суроолоруна жооп беришет. Эсеп палатасынын кызматкерлери Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан үч жылда бир текшерилип келет.

Бүгүн парламентте Эсеп палатасынын тогуз аудитору ант берди. Жыйында палатанын ишин иликтеген депутаттык комиссия да өз корутундусун жарыялап, бул мекеменин бир жылдык ишин канааттандыраарлык эмес деп тапты. (KKs)

XS
SM
MD
LG