Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Орусияга автобус сапарлары убактылуу токтоду


Сууктун мизи кайтканга чейин Кыргызстандан Орусиянын шаарларына багытталган автобус каттамдары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек автовокзалынын жетекчиси Рысбек Бариев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим каттамдарды уюштурган фирмалардын өтүнүчүнөн улам кабыл алынды. Бул аптада Бишкектен Красноярскиге бараткан автобус бузулуп, 33 кыргызстандык Алтай аймагында арабөк калганы кабарланды.

Транспорт жана байланыш министрлигинин бөлүм башчысы Ринат Жаныбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы автобус каттамдарын уюштурган төрт фирма бар. Аларга лицензия бир жылга берилет. Буга чейин автобусу Алтайда бузулуп калган фирманын ишинде алешемдиктер катталган эмес.

Сууктан улам эки өлкө ортосундагы автобус каттамдары токтотулган учурлар жыл сайын катталып келет. (EBM/KKs)
XS
SM
MD
LG