Сириядагы куралдуу кагылыштардан Түркияга качкан кыргызстандык Татьяна Коваленко төрт жаштагы уулу Алали Хусейн менен кечээ Бишкекке кайтып келди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Коваленко 28-ноябрда Түркияга качып өтүп, Кыргызстандын жараны болгондуктан ал жактагы качкындар лагерине кабыл алынган эмес. Натыйжада ал Түркиядагы кыргыз элчилигине кайрылып, элчилик эне-балага Кыргызстанга келүү үчүн тиешелүү документтерди даярдап берген. Стамбулдан Бишкекке чейин билет алууга Эл аралык миграция уюмунун Анкарадагы өкүлчүлүгү көмөктөшкөн. (KKs)