Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:10

Аба ырайы: Чүйдө түнкүсүн -35 градуска чейин суук болот


21-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк- чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -19…-24, түндүгүндө -30…-35, күндүз -8…-13, түндүгүндө -10…-15,
Талас облусунда түнкүсүн -26…-31, күндүз -10…-15 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -12…-17, чыгышында -15…-20, күндүз -2…-7,
Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -32…-37, күндүз -8…-13,
Тоолордо түнкүсүн -25…-30, ал эми күндүз -12…-17 болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -22…-24 градус, күндүзгү жогорку температурасы -10…-12 градус болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG