Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Ысык-Көл, Нарында электрди керектөө чектен ашты


“Чыгыш электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тургундары электр энергиясын белгиленгенден көп керектеп жатышат. Соңку суткада Ысык-Көлдө 10 миллион 280 миң кВт/сааттан ашык электр энергиясы сарпталды. Бул нормадан 3 миллион 180 миң кВт/саатка көптүк кылат. Нарын облусунда болсо электр энергиясы 2 миллион кВт/саатка көп сарпталды. (MK/KKs)

XS
SM
MD
LG