Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында бүгүн добушка салынары күтүлүп жаткан резолюция Иранды өлкөдө адам укуктарын бузуу кеңири жайылганы үчүн сынга алат.
БУУнун адам укуктары боюнча атайын баяндамычысы быйыл октябрда жарыялаган баяндамасында Иран жыл сайын жүздөгөн адамдарды өлүм жазасына тартары, жыл өткөн сайын өлкөдөгү улуттук жана диний азчылыктардын, аялдар менен кумсалардын абалы оорлошуп бара жатканы айтылган.
Баяндамада келтирилген маалыматтарга караганда, быйылкы жылдын сегиз айында эле 300дөн ашуун киши өлүм жазасына тартылган.
Иран өзү берилген өлүм жазасынын санын өлкө калкынын киши башына эсептегенде эң жогорку көрсөткүчкө ээ.
БУУнун Башкы ассамблеясы Иран боюнча резолюциядан тышкары бүгүн дүйнө өлкөлөрүн өлүм жазасына мораторий киргизүүгө чакырган резолюцияны да кабыл алары күтүлүүдө. (UE)