Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Алтайда жолдо калгандар Новосибирскке бет алышты


Алтайда ара жолдо калган 33 адам Барнаул шаарына жетип, андан ары Новосибирск шаарына автобус менен жөнөп кетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Новосибирсктеги башкы консулунун атташеси Мээримбек Апышев “Азаттыкка” билдирди. Жүргүнчүлөргө билет алууга кыргыз диаспорасы жардам берди.

Бишкектен Новосибирск шаарына бараткан 33 адам автобус бузулуп калып, Алтай крайынын Мамонтово районуна караштуу Луганск деген мектебинде төрт күндөн бери баш калкалап турушкан. Алардын 23ү кыргыз, ону казак жараны, арасында үч бала, 2 кош бойлуу келин жана эки пенсионер бар. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG