Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Билим берүү министрлиги чечимин аткарбагандарга сөгүш берет


Билим берүү жана илим министрлиги кышкы каникулду бир жума эрте баштоо боюнча чечимине баш ийбеген мекемелерге сөгүш бергени жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Керез Жукеева “Азаттыкка” кабарлады.

Бүгүн Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы борбор калаадагы мектептерге жылуулук үзгүлтүксүз берилип жатканын жүйөө кармап, кышкы каникул 31-декабрда башталарын билдирген. Кечээ Ош мэри Мелис Мырзакматов да шаарда мектеп окуучуларын эрте каникулга чыгарууга негиз жок деп белгилеген.

Кечээ Билим берүү министрлиги Кыргызстандагы мектептерде кышкы каникул 24-декабрда башталаарын кабарлаган. Буга Санитардык-эпидемиологиялык башкармалыктын балдар арасында суукка урунган, сасык тумоо менен ооруган учурлар көбөйүп жаткандыгы тууралуу корутундусу себеп болгон. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG