Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Бишкек менен Чүйдө газ жете элек 12 миңден ашуун абонент калды


Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн кечке жуук таратты. Алардын кабарына караганда, кечээтен бери борбордо газы кыркылган 49 миң жеке абоненттин 37 миң 700гө жакынына, 134 ишкананын 84нө көгүлтүр от берилди.

Ал эми Чүй облусунда 56 ишкана-уюмга, 8200гө жакын үйгө газ жетти. Калган 12 миң 300 абоненттин 1000дейи Чүй облусундагы, калганы борбордогу турак үйлөр.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун “Азаттыкка” айтканына караганда, газ ишканасы калган абоненттерге көгүлтүр отту эң кеч дегенде эртең кечке чейин берүүнү убада кылууда.

Өткөн аптанын соңунан тарта эки эсеге чейин азайып кеткен газ басымын казак тарап кечээ калыбына келтирген.

Кыргызстандын түндүгү азыр өзбек газын казак компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде алат. (UE)

XS
SM
MD
LG