Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Ирандын өзөктүк программасы боюнча кийинки сүйлөшүү январда болот


Бул талаштуу маселе боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы январда болот деген үмүт бар болгонун кечээ Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Орус тышкы саясий мекемесинин айтымында, учурда Тегеран менен кийинки сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтү жана жери такталып жатат.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө алты өлкө: АКШ, Орусия, Франция, Британия, Германия, Кытай тартылган.

Ушул ай башында Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик менен Иран алардын сүйлөшүүлөрүндө жылыш бар болгонун билдиришкен.

МАГАТЭ Ирандын өзөктүк сыноо өткөрүлгөн делген жайларына кирүүгө көптөн бери уруксат алалбай жүрөт.

Тегеран Батыш өлкөлөрүнүн ал өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасоону көздөйт деген ырастоосун такай четке кагат. (UE)

XS
SM
MD
LG