Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Бишкек: мектеп окуучулары каникулга эрте тарабайт


Бул тууралуу Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлнара Тагаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мектептер жылуу, окуучулардын сабакка катышуусу жогору, ооругандар деле аз. Ошондуктан окуучулар үчүн каникул мурда белгиленгендей эле 31-декабрда башталат.

Буга чейин Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов да окуучулар каникулга бир жума эрте тарабай турганын айткан.

Билим берүү министрлиги чечимди аткарбаган шаардык башкармалыктарга сөгүш берилерин эскерткен. Аталган министрлик Кыргызстандагы мектептерде кышкы каникул бир жума эрте, 24-декабрда башталаарын кабарлаган. Буга Санитардык-эпидемиологиялык башкармалыктын балдар арасында суукка урунган, сасык тумоо менен ооруган учурлар көбөйүп жаткандыгы тууралуу корутундусу себеп болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG