Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Отунбаева менен Клинтондун фонддору кызматташат


Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева 18-декабрда АКШда Мадрид Клубунун жылдык жыйынынын алкагында АКШнын мурунку президенти Билл Клинтон менен жолукту. Анда тараптар “Роза Отунбаеванын демилгелери” менен Клинтон фондунун кызматташуусун талкуулады. Негизинен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу, саламаттык сактоо маселелери жана аялдардын экономикалык абалын жакшыртуу тууралуу сөз болду. Кыргызстан СПИД оорусу тез жайылган 7 өлкөнүн катарына киргендиктен, Клинтон бул жаатта кызматташууга даяр экенин билдирди.

Ошол эле күнү Отунбаева Дүйнөлүк лидер аялдар кеңешинин жыйынына катышты. 19-декабрда Мэриленд штатындагы Indian Creek School мектебинде болду. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунан кабарлашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG