Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

Пакистан: Молдолор дарыгерлерди өлтүрүүгө каршы чыкты


Пакистандын көрүнүктүү уламалары шалга каршы эмдөө жүргүзгөн дарыгерлерди өлтүргөнгө каршы жума күнү жалпы улуттук демонстрацияга чыгууга чакырышты.
Өлкөнүн Уламалар кеңешинин башчысы Тахир Ашрафи бейшемби күнкү кайрылуусунда:

– Бардык чоң ислам уюмдары шалга каршы эмдөөнү колдогон фатва чыгарды. Өнөктүктү ким исламга каршы десе, алар бүтүндөй исламга каршы сүйлөгөн болот.

Ашрафинин билдиришинче, жума намазда Уламалар кеңеши менен кызматташкан 24 миңдей мечитте дарыгерлерди өлтүрүүгө каршы кутпа окулат. Ушул аптада балдарды полиомиелитке каршы эмдеп жүргөн тогуз дарыгерди (алардын көбү аялдар) белгисиз бирөөлөр атып кеткен соң Пакистандын кээ бир аймактарында өнөктүк токтотулган. Ислам экстремисттери эмдөөнү Батыш тыңчылары жүргүзүүдө, атүгүл ден соолукка зыян дешип, элди эмдөөгө каршы үгүттөшкөн.

XS
SM
MD
LG