Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Вашингтон Евразиянын "мыйзамдуу ууруларына" санкция жарыялады


Евразия кылмыш чөйрөсүндө белгилүү “мыйзамдуу уурулардын” бири, Грузияда туулган Захарий Калашовдун АКШдагы мүлкү камакка алынды жана америкалык компанияларга аны менен иштешкенге тыйуу салынды. АКШнын Финансы министрлигинин билдиришинче, Калашов арам акчаларды адалдаштыруу, коркутуп акча өндүрүү, курал жана маңзат аткезчили дагы башка кылмыш иштерине жооптуу. “Евразиянын мыйзамдуу уурулар тобуна” экс-советтик мейкиндикте, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө аракеттенген кылмыш топторунун башчылары кирет. АКШ санкция жарыялаган “мыйзамдуу уурулардын” арасында Кыргызстандан Алманбет Анапияев менен Адилет Касенов бар. Экөө тизмеге “мыйзамдуу ууру” Камчыбек Көлбаев менен байланышта болгону үчүн киргизилген. Көлбаев АКШнын кара тизмесинде мурдатан бар эле. Касенов Ысык-Көл өрөөнүндөгү кылмыш топторунун аталыгы болгону айтылат. Көлбаев жана Касенов азыр Кыргызстанда абакта отурушат.

XS
SM
MD
LG