Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Орусия – Евробиримдик саммити Брюсселде башталды


Орусия лидери менен Евробиримдиктин лидерлери кездешүүсүндө каралчу башкы темалар энергетика жана орусиялык жарандардын Биримдикке визасыз каттоо маселеси экени кабарланган.

Еврокеңештин төрагасы Герман Ван Рөмпей Брюссселде саммитин ачылышында: "Европа Союзу жана Орусия чыныгы стратегиялык өнөктөштөр. Биз себеби коопсуздукту камсыздоодо, экономикалык өнүгүүдө жана байгерчиликте бири бирибизге муктажбыз. Чогуу иштешкенден көп ныпа табабыз", - деди. Өз кезегинде: "Орусия-Европа биримдиги арасындагы соода 400 миллиард долларга чукул болот. Элдердин арасында эркин байланыштын жоктугу өз ара экономикалык алакага бөгөт болуп жатат", - деди президент Путин.

Путин жана Биримдиктин лидерлери Сирия маселесинде чапчышат деп боолгонууда.

Батыш өлкөлөрүнүн Сириядагы согушту токтотуу үчүн президент Асадга кысымды күчөтүү боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешине киргизген сунушуна Москва каршы чыккан. Брюсселде Кремлдин саясий оппозицияга каршы кадамдары да сындалышы ыктымал экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG