Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Египетте жаңы Конституция боюнча референдумдун экинчи айлампасы өтүүдө


Баш мыйзамдын жаңы редакциясына каршы болгондор исламчыл партияларга артыкчылык берилип, аялдар, христиандар, башка азчылыктардын укуктары эске алынган эмес деп ырасташат. Президент Мохамед Морси болсо демократиялык системага өтүп жаткан Египет үчүн жаңы Конституцияны кабыл алуу өтө зарыл деп билдирди.

Жума күнү Александрия шаарында Баш мыйзамдын жактоочулары менен каршылаштары кагылыша кетти. Кабарларга караганда, 62 киши, анын ичинде 12 полициячы жарадар болду.

Референдумдун биринчи айлампасынын алгачкы расмий эмес жыйынтыктары көрсөткөндөй, добуш бергендердин 57 проценти жаңы Конституцияга колдоосун билдиришти. Ал кабыл алынса, 60 күндүн ичинде парламенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш. Ал эми сунуш элдин колдоосун таппаса, 90 күндүн ичинде Конституциянын жаңы долбоорун жаза турган конституциялык ассамблея тандалышы керек.

Добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 7де жабылат.

XS
SM
MD
LG