Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Делиде демонстранттар студент кыздын укугун коргоп чыгышты


Делиде бир жума мурун зордукталган студент кыздын укугун коргоону талап кылган демонстранттарды полиция жаш агызуучу газ жана желим союлдар менен кууп таркатты.

Полициянын маалыматына ылайык, демонстранттар тосмолорду бузуп, президенттик сарайга карай жүрүш жасоого аракеттенишкен. Алар – “Кылмышкерге - өлүм!”, “Адилеттүүлүктү талап кылабыз!” деп кыйкырып турушту. Кээ бирлери полицияга таш ыргытканы кабарланууда.

23 жаштагы студентти 6 мас киши автобуста зордуктап, кийин сүйлөшкөн жигити менен кошо жүрүп бараткан унаадан ыргытып жиберишкени тууралуу кабар бүтүндөй Индияны дүрбөттү. Кыз оор абалда Делидеги ооруканада жатат, 6 шектүү кылмышкер камакка алынды.

XS
SM
MD
LG