Пакистан полициясынын маалыматына ылайык, Даду шаарында бир нече адам Куранды өрттөдү деген кишини өлтүрүп салышты. 200дөй жергиликтүү тургун полиция бөлүмүнө чабуул коюп, ал жерде кармалган шектүү кишини алып чыгып, өлгүчө сабашкан. Кийин сөөгүн өрттөп жиберишкен.
30дай кишинин кармалганы кабарланууда. Шаарчанын имамы Ройтерс агенттигине айтып бергендей, өлтүрүлгөн киши башка жерден келип, мечитте бир түн түнөгөн. Ошол жерде эртең менен чала күйгөн Куран табылган.
Адам укуктарын коргоочулар Пакистанда 1990-жылдан бери Жаратканга акарат келтирген деп 50дөн ашуун киши өлтүрүлгөн жана андай учурлар акыркы кезде көбөйүүдө.