Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Жон Керри АКШнын Мамлекеттик катчылыгына көрсөтүлдү


АКШ президенти Барак Обама демократтардын сенатору Жон Керрини Мамлекеттик катчылыкка көрсөттү. Сенат анын талапкерлигин жактырса, Керри Хиллари Клинтондун ордуна келмекчи. Клинтон кызматтан кетээрин буга чейин эле жарыялаган. Бир нече күн мурун АКШнын БУУдагы элчиси Сюзан Райс өз талапкерлигин президенттин тизмесинен алдыртып салган. Райс Конгресстеги республикачылардын катуу сынына кабылган. Аналитиктер Сенаттын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Керри сенаторлордун колдоосун оңой эле табат деп болжолдошот. 2004-жылы ал президенттик орун үчүн ат салышып, бирок Жорж Бушка утулуп калган.

XS
SM
MD
LG