Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Лавров: Сириянын химиялык куралы коопсуз жерде


Сириянын химиялык куралы коопсуз жерде жана Дамаск өкмөтү аны азырынча көзөмөлдөөдө. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Анын айтымында, Сириядагы согушту бир тарап жеңе албайт жана президент Башар Асад Москва менен Бээжин кысым кылса да, кызматынан кетпейт. Министр орус өкмөтү Асад мекенинен кетсе, ага баш калка берүү жөнүндө кээ бир өлкөлөрдүн өтүнүчүн четке какканын кошумчалады. Ал ошондой эле Сирия оппозициясынын Батыштагы демөөрчүлөрү аны көзөмөлдөн чыгарып жатат деген оюн ортого салды. Лавровдун айтымында, БУУ жана Араб лигасынын Сирия боюнча атайын өкүлү Лахдар Брахими жыл этегине чейин Москвага барышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG