Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Шашылыш эскертүү: Тоолордо көчкү жүрөт


Гидрометеорологиялык станциядан маалымдашкандай 23-25-декабрь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү коркунучу пайда болууда. Бишкек-Ош кан жолунун 121-147; 198-265-чакырымдарында, Мырзаке –Кара-Кулжа – Алайкуу жолунун 45-90; 145-150-чакырымында, Ала-Бука –Каныш-Кыя жолунун 62-100-чакырымында, ал эми Каракол-Эңилчек автожолунун 45-90-чакырымдарында кар көчкү жүрүүсү, кар күрткү топтолуусу күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү көп жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпей кармоо сунушталат.

24-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарында айрым райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1...-8; күндүзү -5...3 градус жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн -1..-6 градус төмөндөп, күндүзү -2...3 градуска чейин жылыйт. Баткен, Жалал-Абат, Ош облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүзү 0...: градус жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-15 градус, күндүзү -1...-6 градуска суук болот. Нарында түнкүсүн -15...-20, күндүзү -7...-12 градуска чейин төмөндөйт. Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19...-24, күндүзү -18...-23, тоолордо түнкүсүн -17...-22, күндүзү -8..-13 градус суук болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот, абанын температурасы түнкүсүн -2...-4 градуска төмөндөп, күндүзү 0...2 градуска чейин жылыйт.

XS
SM
MD
LG