Ош шаарындагы Султан Бабур атындагы өзбек академиялык драма театры жеткинчектер үчүн жаңы жылдык балаты уюштурууда. Балатыны Аяз ата менен Аяз кыз коштогон жомок каармандары коштоп, "балдарга эстен кеткис майрам тартууланып жатат" деп айтылат театрдын билдирүүсүндө.
Жаңы жылдык Балаты майрамы 17-декабрдан тартып башталган, ошондой эле театрдын чыгармачыл жамааты “Шахерезаданын миң бир түнү” деген аталыштагы мюзиклди Жаңы жылдын алдында жаш көрүүчүлөргө тартууламакчы.
Султан Бабур атындагы өзбек академиялык драма театры быйылкы 94-театралдык сезонун ноябрь айынын башында ачкан. (ZKo)