Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Египетте референдумдун жыйынтыктары эсептелүүдө


Египетте "Мусулман агайыңдар" кыймылы добуш берүүчүлөрдүн 64 проценти жаңы Конституцияны колдогонун шардана кылды. Референдумдун акыркы айлампасы кечээ өткөрүлгөн. Кыймылдын вебсайтында жарык көргөн сандарга караганда, экинчи айлампада Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 70 процент шайлоочу жактырды.

15-декабрда өткөн биринчи айлампада элдин 57 проценти документке колдоосун билдирген. Ал эми расмий жыйынтыктар бир нече күндөн кийин белгилүү болмокчу.

Жаңы Конституция өлкөнү кайрадан экиге бөлүп койду. Президент Мохамед Мурси демократиялык өзгөрүүлөргө багыт алган өлкө үчүн документтин кабыл алынышы өтө маанилүү десе, анын оппоненттери долбоордо исламчыл партияларга артыкчылык берилип, аялдар менен азчылыктардын кызыкчылыктары эске алынган эмес деп ырасташат.

XS
SM
MD
LG