Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги ракета боюнча түшүндүрмө берди


Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги Пхеньян ай башында учурган ракета 10 миң километр аралыкка учууга кудуреттүү деп билдирди. 12-декабрда Унха-3 деген ракетасын учурган Түндүк Корея бул – орбитага сателлит жиберүүнү максат кылган илимий программанын бир бөлүгү деп түшүндүргөн.

Түштүк Кореянын аскерий мекемеси жүргүзгөн анализге ылайык, Унха-3 баллистикалык ракета болушу ыктымал жана АКШдай алыстагы буталарга сокку урууга кудуреттүү. Бул тууралуу министрлик бүгүн билдирди.

Түндүк Кореянын ийгиликтүү ракета учуруусу өлкөнүн ракета программасы үчүн алга жылуу катары сыпатталганы менен, адистер Пхеньян континенттер аралык баллистикалык ракеталарга жана чакан дүрмөт ташыгычтарга азырынча ээ боло албайт дешет.

XS
SM
MD
LG