Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Апрель окуясы боюнча сот уланат


Бул тууралуу “Азаттыкка” апрель окуясында жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариев кабарлады. Анын айтымында, бүгүнкү соттук териштирүүдө айыпталуучулардын көрсөтмө берүүсү уланат. Бүгүн бул иш боюнча айыпталып жаткан Коопсуздук кызматынын мурунку жетекчиси Мурат Суталинов сурак берүүсү күтүлүүдө.

Буга чейин апрель окуясы боюнча айыпталуучу тараптын адвокаттары тергөө маалында тиешелүү процедуралар бузулганын жүйө кылып, ишти кайра тергөөнү соттон суранган. 5-декабрда Жогорку Сот кайра тергөө боюнча арызды четке каккан чечим чыгарган эле. Жабырлануучулардын адвокаттары Жогорку Соттун чечиминен кийин узак убакытка сот иш жанданбаганына нааразылыгын билдиришүүдө.

2010-жылы 7-апрелде куралсыз элге ок атууга буйрук берген жана аны аткарган деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 21 кишиге тагылган. Апрель окуясы боюнча соттук иш 2010-жылдын 17-ноябрынан бери уланып келет. Ишти Бишкек гарнизондук аскер соту кароодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG