Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Чили өкмөтү Копауэ жанар тоосунун күчтөнүшүнө даярдыгын күчөттү


Аргентина менен чек арада жайгашкан аракеттеги Копауэ жанар тоосу жакынкы убакытта атылуусу болжолдонууда. Бийиктиги дээрлик 3 миң метр жанар тоодон ишембиде күл жана түтүн чыга баштаган. Чилинин геологдору атылуу аз-аздан башталганын, бирок жакын арада ал кеңири масштабга жайылышы ыктымалдыгын эскертишүүдө.

Бийлик азырынча ансыз деле эл аз жашаган аймакты башка жакка көчүрүү зарылдыгы жоктугун айтууда.

Жанар тоо орун алган Анд тоолорунда бир нече миң гана киши жашайт.

XS
SM
MD
LG