Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Апрел окуясы боюнча сот бейшембиге калды


Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү бейшемби, 27-декабрга калды. Буга бүгүн өтө турган отурумга соттолуучулардын биринин адвокаттарынын келбей калганы себеп болду.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте токсонго жакын митингчинин атып өлтүрүлүшүнө күнөөлүү деп мурунку бийлик өкүлдөрүнөн 21 адам соттолууда. Сот ошол жылдын ноябрынан бери уланып келатат. Соңку отурумда мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басары Нурлан Темирбаев сурак берген. Айрым соттолуучулардын жактоочулары тергөө учурунда кээ бир жагдайларга көңүл бурулбай калган деп кайра тергөөнү өтүнгөн. Бирок Аскер соту бул өтүнүчтү канааттандырган жок. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG