Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Нарын: Көчкүдө калгандар куткарылды


Нарын облусунда көчкүдө калгандар куткарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Анын айтымында, кечээ, 23-декабрдын кечинде Нарын - Орук-Там унаа жолунун 53-56-чакырымдарынын ортосунда жалпы көлөмү 350 куб метр болгон эки кар көчкү түшкөн. Ортосунда калган эки унаанын ичиндеги 7 адамды куткаруучулар аман алып чыгышты.

11-декабрдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин Нарын районунда Нарын - Орук-Там унаа жолунун 30 чакырымдай аралыгы убактылуу жабылган болчу. Мындай чечим Эки-Нарын айылынан Капчыгай участогуна чейинки жерде жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Себеби ал жерде кар калың жааганда жол шарты катаалдайт. (RK)

XS
SM
MD
LG