Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

Ошто мектеп окуучуларына арналган гезит чыга баштайт


Ош шаарында мектеп окуучуларына арналган «Данек» аттуу гезит чыга баштайт. Кыргыз, өзбек жана орус тилдеринде жарык көрчү бул гезит калаадагы мектептердин окуучуларына, мугалимдерге жана ата-энелерге ылайыкталып басылат.

Басылманын башкы редактору Жыпар Акунованын айтымында, гезит «Журналисттер» коомдук бирикмесинин демилгеси менен NED эл аралык уюмунун каржылык колдоосунда жарык көрөт.

Жумалык гезиттин нускасы 500. Быйылкы окуу жылы аяктаганга чейин 14 саны жарык көрөт. Басылмада иштөө үчүн шаар мектептеринен 15 окуучу тартылган. Гезиттин алгачкы саны 25-декабрда жарык көрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG