Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Атамбаев: Аскаров күнөөсүз деген сөздөрдүн далили жок болууда


Азимжан Аскаров ак, күнөөсү жок деген сөздөр далилсиз болууда. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, Аскаровдун тегерегинде далили жок сөздөр көп болууда, анын актыгын тастыктаган күбөлөр да жок. "Азырынча Азимжан Аскаров боюнча укук коргоочулардын гана кайрылуулары бар. Муну АКШ, Евробиримдиктин өкүлдөрү да ар жолугушууда көтөрөт. Сот чечими чыккан. Эл аралык коомчулук Кыргызстандын чечимин сыйлашы керек", - деди президент.

Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июн коогалаңында баш аламандык уюштурган, милиционерди өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Жогорку Сот райондук жана облустук соттордун чечимдерин күчүндө калтырып, Аскаровду күнөөлүү деген.

Бирок Аскаров өзү жана бир катар эл аралык уюмдар, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар ага карата чыгарылган өкүм акыйкатсыз болгонун, тергөө учурунда ал кыйноолорго кабылганын, мыйзам бузуулар болгонун айтып келет. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG